Башка мамлекеттердин салыктан бошотуу тажрыйбасын колдоно албайбыз,- Өкмөт

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 17:35
0 ой-пикир

Кыргызстан башка өлкөлөрдүн жарандарды салык төлөөдөн толук бошотуу жана бизнести түздөн-түз финансылык жактан колдоо боюнча тажрыйбасын колдоно албайт. Бул туурасында бүгүн, 26-мартта онлайн маалымат жыйын учурунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

«Биз башка өлкөлөрдүн — АКШ, Түркия, Европа, Казакстан, Россиянын салыктардан толук бошотуу жана бизнести түздөн — түз финансылык жактан колдоо боюнча тажрыйбасын толук көлөмдө колдоно албайбыз. Анткени, алардын экономиканы колдогон финансылык мүмкүнчүлүктөрү бар», — деди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, өкмөт жакынкы убакытта Антикризистик планды жарыялайт. Планда жарандардын насыялар, салык салуу жана финансылык жардам маселелерин чечүү боюнча суроолоруна жооптор камтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.