Казакстанда 15-апрелге чейин бир катар «социалдык маанидеги» товарларды сыртка чыгарууга тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграциялар министри Бахыт Султанов билдирди.
Министрдин айтымында, төмөнкү азык-түлүктөргө чектөө киргизилет:
— ун;
— кум шекер;
— картошка;
— гречка;
-жашылчалар (сабиз, кызылча, пияз жана капуста).
«Бул чара калкты зарыл товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүүдө. Жарандар дүкөнгө кирип, каалаган азык-түлүктү жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ болушу керек», — деди министр.
Ушу тапта Казакстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими күчүндө. Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге жабылган.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 72ге жетти.