Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды

Окуялар тизмеги 24 Мар 2020 15:35
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды. Күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.