Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынында Кыргызстандын айрым аймактарына 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү Жарлыгын колдошту.
Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койгон. Мындан соң документ парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.