Ош шаарында жылуулук берүү 18-мартта токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.
«Жылуулук менен камсыздоочу обьектилерин 2020-2021-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.