Коронавирус тууралуу оптимисттик жана пессимисттик фактылар. Атайын кыргызстандыктар үчүн

Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Мар 2020 17:54
0 ой-пикир

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-марттан тарта коронавирус пандемиясы башталганын жарыялады. Бул Кыргызстан эртеби же кечпи бул инфекцияга чалдыгат дегендик. Биз табышмактуу вирус тууралуу бүгүнкү күндө белгилүү болгон акыркы фактыларды топтодук.  

Пессимисттик фактылар:

  • Вирус адамдын организмине кандай жол менен кирери азыркыга чейин белгилүү эмес – аба аркылуубу, шилекей аркылуубу же дагы башка жолдор мененби.
  • Инкубациялык мезгилдин узактыгы. Башкача айтканда, вирусту жуктуруп алган адам ооруга чалдыкканын билбестен кадимкидей күн кечире берет дагы башкаларга жуктурушу толук мүмкүн. Ошондуктан вирус аралап жүргөн башка өлкөлөргө барып келгендерди же вирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду карантинге ылайыкталган имараттарда кармоо – туура чечим.
  • Окумуштуулар коронавирус менен ооругандардын өпкөсүнүн иштөөсү начарларын жана вирус башка органдарга дагы терс таасирин тийгизерин аныкташкан. Мындан сырткары, коронавирус тукумсуздукка дагы алып келет.
  • Дүйнөлүк экономиканын өсүүсү 1%га чейин жайлашы мүмкүн.
  • Пандемия жарыялоонун бир себеби ооруга каршы эмдөөчү каражаттын жоктугу, ошондуктан мындай режим вакцина иштелип чыккыча уланышы мүмкүн. Вакцина качан пайда болорун азырынча эксперттер айта элек.
  • Деглобализация процесси жүрүүдө. Бирок муну оптимисттик фактыларга кошсок болот.

Коронавирус тууралуу оптимисттик фактылар

  • Кыргызстан алдын алуу чараларын көрө баштады, ошондуктан жуктуруп алуу коркунучун толугу менен жое албасак дагы пандемияны болтурбоо мүмкүнчүлүгү бар.
  • Бизде азырынча коронавирус жуктуруп алгандар жок, демек, эпидемия жүрүп жаткан башка өлкөлөрдүн катачылыгын кайталабоо үчүн бардык аракеттерди көрсөк болот.
  • Уханда оор пневмониянын себеби бир нече күндө билинген, вирус пайда болгону жарыялангандан 3 күндөн кийин (31-декабрь) толук геномун секвенирлөө болгон. Мисалы, ВИЧ алгачкы жолу 1981-жылы пайда болгондо аны аныктоо үчүн 2 жыл керектелген.
  • Вирустун геномун секвенирлөө болгондон кийин бир нече күндөн соң биринчи тест-система жеткиликтүү болду.
  • Колду тез-тез жана туура жуу – вирустун алдын алуунун негизги чараларынын бири. Спирт кошулмалары, кычкыл суутек мыкты дезинфекциялоочу каражат. Ооруну жугузуп алгандар менен байланышта болуу же ал адам менен 2 метр аралыкта 15 мүнөт чогу отуруу вирусту жуктуруп алуу коркунучуна алып келет.
  • Көптөгөн фармацевтикалык гиганттар (SanofiModernaInovioNovavax) жана академиялык топтор буга окшогон вирустарга каршы вакциналарды ойлоп табышкан (атап айтканда, SARS), ошондуктан жакында клиникалык изилдөөлөр башталары күтүлүүдө. Бирок эффективдүүлүгүнө жана коопсуздугуна баа берүү үчүн бир аз күтө туруу керек болот.
  • Кытай изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, 45 миң адам инфекцияны жуктуруп алса, алардын 85%ы ооруну жеңил көтөрүшкөн. 14%ы оор түрүндө болгон жана 5%га жакыны критикалык абалга туш келишкен (алардын жарымы өлүм менен аяктаган). Ооруну жуктуруп алгандардын 3%га жакыны гана 20 жашка чейинки жаштар, ал эми балдар бул оору менен оорушкан да эмес.
  • Биз саясат жана шайлоо тууралуу аз кеп кылып, жакындарыбызга көп көңүл бура баштадык. Түбөлүктүү нерсе убактылуу нерсени жеңет. Коронавирус сыноосу балким кандайдыр бир белги үчүн берилгендир?

Elgezit.kg редакциясы 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.