Япония Кыргызстанга эки ири долбоорго 8 млн. доллар бөлдү

Окуялар тизмеги 12 Мар 2020 16:10
0 ой-пикир

Япония Кыргызстанга эки ири долбоорду ишке ашырууга 8 миллион доллар бөлмөй болду. Бул тууралуу макулдашууларга 11-мартта Бишкекте кол коюлду.

Бөлүнгөн сумманын 4 миллиону өлкөдөгү шайлоо системасын жакшыртууга, калган 4 миллиону өзгөчө кырдаалдар шартында жана климаттын өзгөрүү коркунучтарында балдардын абалынын туруктуулугун бекемдөөгө багытталат.

Биринчисин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы, экинчиси ушул эле уюмдун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) ишке ашырат.

Шайлоо тармагына бөлүнгөн каражат добуш берүүчүлөрдү таануунун биометрикалык ыкмасынын туруктуулугун камсыз кылуу аркылуу шайлоонун эркин жана калыс өтүшүн камсыздайт.

Ал эми ЮНИСЕФ аркылуу ишке ашырыла турган долбоордун алкагында окуучу балдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда быйыл 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге, ал эми октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.