Тарых сабактары. 8-мартта Бишкекте болгон ызы-чуу тууралуу…

Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Мар 2020 18:03
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

8-март күнү Бишкекте салттуу жана заманбап көз караштардын кагылышы болду. Мындай көрүнүшкө Грузиядагы абал жакшы мисал боло алат.

Келечекке умтулууда биз бул өлкөнү дайым мисал катары келтирип келебиз. Ар бир коомдо консерваторлор жана прогрессивтүү адамдар бар, эски түшүнүктөрдү, каада-салттарды колдогондор жана алдыңкы көз-караштагы кишилер. Бул баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Бирок маселени эмоциялар жана чоң муштум менен чечпеш керек, мындай жол менен өлкөнү дагы жоготуп алуу коркунучу бар. Аны эмоцияга алдырбай, түшүндүрүү жолу менен чечсе болот. Белгилүү болгондой, ызы-чуу гейлер жана лесбиянкалар үчүн чыкты. Көрсө, аялдарга жана феминисттерге эч кимдин нааразычылыгы деле жок экен.

Байыртадан эле баардык элде гейлер жана лесбиянкалар болгон. Азыр дагы бар жана боло берет. Бул адамзатынан көз каранды эмес. Алар байыркы заманда, орто кылымда жана азыр дагы бар, христиандар жана мусулмандар арасында да жок эмес. Жада калса, Совет мезгилинде алар Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы жайдан жашыруун жолугушуп турушчу. Фрунзеликтер бул тууралуу билишет. Азыр ал жерде «Аксакал чайханасы» катары белгилүү кафе турат. Кийин алар Россия кинотеатрынын жанындагы планетарийге кетишти. Учурда ал имарат каралбай калган. Бирок совет идеологдору коммунизм курган өлкөдө гейлер, лесбиянкалар, проституция, секс, баңги колдонгондор жок деп келишкен. Совет мезгилинде жашагандар буга ишенишкен.

Бирок кийинчерээк бул көйгөйлөр ачыкталып, талкуулана баштады. Жаңы режимдеги айрым пропагандисттер мурдагыдай эле көз карашта болушуп, бул батыштын таасири деп башташты. Биздин элдер дагы, өзгөчө интеллекти менен өзгөчөлөнө албагандар партияларга, гезиттерге ишенип келишет, же аларды КПССке ишенүүгө үйрөтүп, ой жүгүртүүгө үйрөтүшкөн эмес. Мындай адамдарды башкаруу оңой.

Көйгөйлөр дал ушул жерден чыгып жатат, эки цивилизациянын кагылышы. Эски менен жаңынын ортосундагы конфликт. Муну процесс катары түшүнүү керек. Эскилер өзүнүкү, жаңылар өзүнүкү үчүн күрөшөт. Жашоо логикасы ушундай. Бирок тарыхый процессти азыркыга чейин эч ким токтото алган эмес. Тыюу салуу менен гана эмес, массалык өлүм жазасы менен дагы токтотуу кыйын.

Батыш дагы лесби жана гейлер менен күрөшүп, бул христиандарга жат көрүнүш экенин билдирип, аларды куугунтуктап келишкен, бирок кийин табиятты жеңип чыгуу мүмкүн эмес экенин түшүнүп, мыйзамдаштырып берген.

Бизде муну түшүнүшө элек, жетиле элек. Бирок салттуу жашоо образын өткөргөндөр күч менен токтотуу мүмкүн экенине ишенип келишет. Өз эрежелерин өз үйлөрүндө орното беришсин да. Буга толук укуктуу. Өз пикирлерин башкаларга таңуулоонун кереги жок. Ар бир адамдын өз башы, өз жашоосу бар дегендей. Өлкөнүн Конституциясында дагы ушундай жазылган. Ар бир адам өзү каалаган жашоо образын тандап алууга укуктуу. Мунун баарын жакшылап түшүнүү үчүн дүйнө тарыхын окугула. Ал жактан европалык, чыгыш башкаруучулары, дин аалымдары, окумуштуулары, композиторлору, режиссерлору, артисттери тууралуу көп кызыктарды билсеңер болот.

Абалды курчутуп, душманчылык кылып, фанатизм менен алек болуунун кереги жок.

Тажикстанда абал жарандык согушка чейин жетип, 250 миң адам каза болуп, 2 миллион адам качкын болгон. Араб революциялары Жакынкы Чыгышта трагедия жаратып, миллиондогон адамдар үйсүз калып, жүз миңдеген адам өлтүрүлгөн. Эмнеге мындай болду? Себеби араб диктаторлору учурунда жарандык коом түзүлгөн эмес. Диктаторлорго каршы радикалдуу оппозиция гана чыгып, диктатордук режимди, коррупцияны, калктын жакыр экенин сындап келишкен.

Кыргыздарга эзелтен фанатизм жат көрүнүш болчу. Бирок бул биз өз алдыбызча жашап жатканда болгон. Кийин биз ар түрдүү болуп чыга келдик жана ошондон баары башталды.

Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Ич ара атаандашып, бири бирин жамандап, бири-бирине акаарат кылып, күч колдонуу (бул айрым учурларда гана мамлекетке берилген укук) туура эмес экенин, бирин-бири түшүнүү зарылдыгын жайылтуу керек. Тынч жашоого үйрөтүү зарыл. Жана дайыма биз бир эл экенибизди эстен чыгарбайлы.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.