Сооронбай Жээнбеков: Лейлек — Кыргызстандын дарбазасы

Окуялар тизмеги 12 Мар 2020 09:12
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-мартта Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Лейлек районун кыдырды. Президент жергиликтүү тургундар менен жолугушууда чек ара маселелери жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилүүгө тийиштигин айтты:

«Лейлек жергесинин кыргыз мамлекеттинин тарыхында жана азыркы турмушунда өзгөчө орду бар. Гео-саясий жактан да орду маанилүү. Лейлек — Кыргызстандын дарбазасы. Өлкөбүз мына ушул жерден башталат. Аймак өзгөчө оор шарты менен менин көңүлүмдө турат».

Президент Жээнбеков чек ара маселесин чечүүдө тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жанданып, илгерилей баштаганын эскертип, тараптар бири-биринин аргументтерин эске алуу менен конструктивдүү диалогго ыктап жатышканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы баткендиктерди кырдаалды курчутуу үчүн пайда боло калуучу кызыкдар тараптардын чагымына алдырбоого чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-11-мартта Баткен облусун кыдырып, аймактагы элдин жашоосу, жол, суу маселелери боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.