Депутаттардын чет өлкөлөргө командировкалары чектелет

Окуялар тизмеги 12 Мар 2020 08:48
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш имаратында иш-чараларды өткөрүүнү жана конокторду кабыл алууну убактылуу токтотот. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков ЖК жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин парламенттин жыйындарына жергиликтүү кеңештин депутаттары, студенттер, окуучулар чакырылып келген. Азыр бул убактылуу токтотулду.

“Ошондой эле депутаттардын командировкаларына да чектөө киргизилет. Бирок, уюмдар менен келишим боюнча чет өлкөгө чыккан депутаттар бар. Аларды дагы чет жакка чыкканда коопсуздугун сактоо тууралуу маалымдап жатабыз”,- деди Жумабеков.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб иштеп жатат жана өзүлөрүнүн сунуштарын, чектөөлөрүн киргизүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.