Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сот жылдырылды

Окуялар тизмеги 12 Мар 2020 17:48
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү соттук отурум адвокат Н.В.Зотова жана айыпталуучу А.Раимжановдун келбегендигине байланыштуу 2020-жылдын 17-мартына саат 10:00гө жылдырылды.

Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусусуз өтүп жатат. Башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын катышуусуна тыюу салган.

Буга чейин ИИМден билдиришкендей, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүүлөргө 19 билдирүү берилген. 14 шектүү сот менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп беришкен. Сот менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон шектүүлөр боюнча кылмыш иштин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иш 28 томду түзгөн. Жалпысынан 451 том.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.