Путин президенттикке талапкерлигин дагы коё алат

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 09:25
0 ой-пикир

Мамлекеттик Дума Орусиянын Конституциясына киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык Владимир Путин 2024-жылы президенттикке талапкерлигин коё алат.

10-мартта сунушталган өзгөртүүлөрдү 380 депутат колдоп, 43ү каршы чыкты. Добуш берүүнүн алдында Путин мындай сунушка «Конституциялык сот жактырган шартта макул болорун» айтты.

“Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек”, — деди Путин.

Бекитилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин бийлик башында 2036-жылга чейин кала алат. Ал үчүн ал 2024-жылкы шайлоодо жеңип, алты жылга шайланышы керек.

Учурда Путин 67 жашта. Анын бийлик башына келгенине 20 жыл болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.