Ленин району боюнча салык органына жаңы жетекчи дайындалды

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 17:56
0 ой-пикир

Ленин району боюнча салык органынын жетекчиси болуп Руслан Касымов дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Жаңы жетекчи мурда Биринчи май району боюнча салык органында бөлүм башчы кызмат ордун ээлеген.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 3 кызмат адамы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулган. Тактап айтканда, Ленин райондук салык органынын начальниги, ушу органдын бөлүм начальниги жана башкы инспектору жумушунан кол жууган.

Аталган салыкчылар УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча колго түшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.