Иранда калган кыргызстандык айдоочуларга Азербайжан транзиттик жол ачты

Окуялар тизмеги 11 Мар 2020 14:30
0 ой-пикир

Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын айрымдары Азербайжан аркылуу келгени жатышат. Бул тууралуу 11-марта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз тарап Азербайжандын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, транзиттик коридор сураган.

Натыйжада 9-11-март күндөрү иран-азербайжан чек арасындагы «Астара» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 23 оор жүк ташуучу машинанын он бири өттү. Калган 12 автоунаа азыр паспорттук-бажы текшерүүсүнөн өтүп жатат.

ТИМдин маалыматына караганда, Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын жалпы саны 62 адам.

Буга чейин Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочуларынын саны 76 экени, алар алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго жана ТИМге кайрылганы маалым болгон.

Өкмөт Түркмөнстан Кыргызстандын транзит тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай койгонун билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.