Зомбулукка каршы митинг жыйынтыкталды

Окуялар тизмеги 10 Мар 2020 15:27
0 ой-пикир

Бишкектеги Уркия Салиеванын эстелигинин алдында өткөн тынчтык митинги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, акцияга 250-300 адам катышкан, тартип бузуу фактылары катталган жок.

«Аталган митингдин уюштуруучулары күн мурун шаардык милицияга тынч жыйын өтө тургандыгын кабарлашкан. Бишкек милициясынын кызматкерлери акциянын катышуучуларынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылды», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.