ИИМ: 8 марттагы митингден кийин 6 аялга чара көрүлдү

Окуялар тизмеги 09 Мар 2020 14:33
0 ой-пикир

8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлүп, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренесинин негизинде ушундай чара көрүлдү.

«Акция башталганда митингдин катышуучулары менен өзүнчө турган бир топтун ортосунда адегенде кайым айтышуу болуп, андан соң алар жулкулдаша кетишкен. Чыр ырбап кетпеши үчүн милиция коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам чара көрдү. Натыйжада чагымга жана чырга эки тараптан тең тиешеси бар болгондор Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди», деп билдирди шаардык милиция.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.