12-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Окуялар тизмеги 08 Мар 2020 15:22
0 ой-пикир

8-мартта түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

8-мартта күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

9-мартта жана 10-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

8-10-марттарда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

10-мартта күндүз жана 11-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.