Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Ала-Тоо аянтында өткөргөн митинги күтүлгөндөй эле жыйынтыкталды. Анда бир максатты көздөгөн буйрутмачы болгон жок, техникалык уюштуруучу сынды көтөрө албады. Бирок буга карабастан 2-марттагы митинг коомчулук тарабынан бийликке болгон белги экенин бийлик түшүнүүсү жана ойлонуусу керек.
- Биринчиден, коомчулукта нааразычылык бар экени көрүнүп турат. Бийлик көптөгөн көйгөйлөрдү алдын ала чечүү үчүн коомчулук менен диалог түзө албаганына эл нааразы. Жашоо шартына, келечектин жоктугуна ж.б. нааразы.
- Митингге эл көп келген жок. Бирок катышуучулардын көбүнө акча төлөнгөн деген күндө дагы Бишкекке ар кайсы облустардын тургундары келгени факт жана аймактарда нааразычылык маанай бар экенин байкоого болот.
- Митингге чыккандардын биринчи талабы – парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү болду. Бул өлкө жарандары үчүн шайлоо күн тартибиндеги маанилүү пункт экенинен кабар берет. Демек, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого болгон аракеттер, эл жактырбаган партияларды парламентке түртүү жакшылыкка алып келбейт десек болот.
- 2-марттагы митинг – бул алгачкы гана башталыш. Бийлик мындай акциялар быйыл дагы көп жолу болоруна даяр турушу керек. Алар ар түрдүү болот, себептери жана катышкан элдин саны дагы. Мисалы, 2-мартта митингге чыккандар “Ак үйдүн” алдындагы күч кызматкерлерин сүрүп эле кетишти.
- Мамлекеттеги маанилүү көйгөй бул айрым популист-саясатчылар, жарандык активисттер мамлекеттин негизин түзгөн укуктарын талашып жатканында – легитмдүү күч колдонуу укугун. Бир нерсе болсо эле элди атпагыла, кылмыштуу буйруктарды аткарбагыла, ж.б. ушул сыяктуу чакырыктарды жасашат. Тынч эл кайда, коомдук тартипти бузгандар кайда, кылмышкерлер жана экстремисттер кимдер экени түшүнүксүз болуп калды, алардын айырмачылыгы жок болууда. 2-марттагы митингчилерди оңой эле кубалап коюшту, бирок бул күч кызматкерлери үчүн олуттуу чакырык болду. Абал кандай өнүүгөрү жана эгерде эл өтө көп болуп, абал өтө начар болсо эмне болору белгисиз.
- Шайлоого карата чагымчыл саясатчылардын саны өсөт. Балким “Ак үй” өлкө башчысына негизги партиялардын лидерлери, жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп, өлкөдөгү абалды мындан ары чыңалтпоо тууралуу сүйлөшүүгө барыш керек.
- Өкмөт конфликт чордондорун таап, аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүгө болгон күчүн жумшоосу керек, алар репрессиялык эмес, коммуникативдик форманы колдонуусу зарыл.
Elgezit.kg аналитикалык тобу
Сүрөт: АКИpress