ВИДЕО: Ала-Тоо аянтындагы митинг. Президенттик аппарат Жапаровдун маселеси боюнча 3 күндө жооп берет

Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 16:29
0 ой-пикир

Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат.

Митингчилер бир нече талап коюшту, алардын бири — камактагы Садыр Жапаровду актап, бошотуу. 10 адамдан турган делегация президент менен жолугушууга аракет жасашып, Ак үйгө карай багыт алышты.

Алар менен президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуулары боюнча иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов жолугуп, үч күн ичинде жооп кайтарууга убада берди.

Бирок митингге катышкандардын айрымдары мындай сунушка макул болбой, тароодон баш тартып жатышат.

Саат 16:00гө карата Ала-Тоо- аянтындагы абал:

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.