Ок жеген илбирске БУУ жардам берет

Окуялар тизмеги 05 Мар 2020 11:05
0 ой-пикир

Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Таластан алынып келинген жарадар ак илбирске жардам көрсөтүү үчүн донорлордун көңүлүн бурат.

«Биз ар кайсы мамлекеттердин элчилерин, ишкерлерди жана белгилүү адамдарды чакырып, жарадар барска барып келели деп жатабыз. Мындай жол менен барска жардам берип, андан тышкары, жаныбарларды коргоо көйгөйүнө көңүл бурдурууну көздөйбүз. БУУ системасынын Кыргызстандагы координатору Озонния Ожиело делегаттар менен биргеликте жаныбарга 6-мартта барууну көздөөдө», — деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар болгон ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

Ал ак илбирске Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романында айтылган ак илбирс – Жаабарстын аты коюлган.

Учурда жаныбар «Бугу-Эне» коомдук фондунун камкордугуна алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.