Апрель элдик революциясынын логотиби аныкталды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 04 Мар 2020 17:00
0 ой-пикир

Апрель элдик революциясынын расмий логотиби тандалып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына карата жарыяланган логотиптин эскизин тандап алуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Жеңүүчү болуп Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жамурзаев Жаныш Бакировичтин эмгеги тандалды.

Тандалып алынган логотип, апрель революциясына арналган расмий иш-чараларда колдонулат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.