Жаз келди, митингдер башталды

Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 12:06
0 ой-пикир

Кыргызстанда жаз адаттагыдай митингдер менен башталды. Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун тарапташтары чогула башташты. Уюштуруучулар акция саат 13.00 өтө тургандыгын алдын ала кабарлашкан.

Азыркы убакта аянтка колдоруна Кыргызстандын желегин кармашкан жигиттер келе башташты. Аны менен катар катуу үч чыгаруучу жабдуулар орнотулууда.

Ал эми Бишкек мэриясы аянтка биотуалеттерди тургузууда.

Эске салсак, бүгүн, 2-мартта саат 13.00дө Жогорку Кеңештин мурунку депутаты абактагы Садыр Жапаровдун тарапташтары анын эркиндикке чыгуусун талап кылып митинг уюштурарын жарыялаган.

Ал ортодо абактагы Садыр Жапаров өз жактоочуларына кайрылып, митингге чыкпоого үндөгөн болчу.

Ички иштер министрлиги митинг учурунда коомдук тартипти бузгандарга карата катуу чара көрүлө турганын эскерткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.