Митингде тартипти бузгандарга катуу чаралар көрүлөт,- ИИМ

Окуялар тизмеги 02 Мар 2020 08:54
0 ой-пикир

Митингде тартипти бузгандарга катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Учурда кылмыштуулуктун алдын алууга , коомдук тартип камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 «ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек. Демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго гана терс таасирин тийгизип гана койбостон, башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат» , — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жүргүзүү жолуна бөгөт коёт. ИИМ баардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чараларды көрөт.

Эске салсак, бүгүн, 2-мартта саат 13.00дө Жогорку Кеңештин мурунку депутаты абактагы Садыр Жапаровдун тарапташтары анын эркиндикке чыгуусун талап кылып митинг уюштурарын жарыялаган.

Ал эми саясатчы өзү тарапташтарын митингге чыкпай эле коюуга чакырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.