Садыр Жапаров тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды

Окуялар тизмеги 01 Мар 2020 19:23
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Садыр Жапаров эртең, 2-мартта тарапташтарын митингге чыкпай эле коюуга чакырды. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусунда эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн экендигин айтып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болгонун айткан.

—  Урматтуу Кыргызстандыктар! Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эле республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, «чыкпай эле коюңуздар» деп тарапташтарымдан суранып кетет элем, — деп билдирген Жапаров.

Ошондой эле ал, азыр Кыргызстанга ызы-чуунун кереги жоктугун жана ага бир адамдын мурдунан кан чыкканын каалабай турганын кошумчалап:

Аман болсом, Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында иштер жүрүп жатат, — дейт Садыр Жапаров.

Эске сала кетсек, «Жапаровду колдоо Элдик кыймылы» 2-мартта, дүйшөмбү күнү, саат 13.00 дө Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун мыйзамдык укугун коргоого арналган Элдик Тынчтык митингин өткөрөрүн жарыялаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.