Садыр Жапаров 6-февралда абактан чыгат, — адвокат

Окуялар тизмеги 06 Янв 2020 09:37
0 ой-пикир

Экс-депутат Садыр Жапаров бир айдан кийин жатак абагына чыгарылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Замирбек Базарбеков билдирди.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарылат.

«Биз толук ынануу үчүн Молдовановка айылындагы №1 колониянын жетекчисине эки жолу кат жөнөткөнбүз. Ал Садыр Жапаров «6-февралда жатак абагына которулат» деп расмий түрдө жооп берди. Шарты боюнча өз үйүнө чыгарылып, маал-маалы менен абакка барып каттоодон өтүп турат. 2019-жылы ишке кирген Жазык кодекси боюнча соттолгон жаран жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин колониянын жетекчисинин чечими менен эле бошотулат. Демек, Жапаровду жатак абагына которуу үчүн сот отуруму болбой турганын түшүнсөк болот», — деди адвокат.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровду 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн Кыргызстанга кирери менен «Ак-Жол» чек ара бекетинен УКМК кызматкерлери кармаган.

Экс-депутат «2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан.

Учурда экс-депутат Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын өтөп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.