Президент Садыр Жапаровду бошотуу боюнча оюн айтты

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 16:51
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Садыр Жапаровго ырайым берүү же бербөө маселесин жалгыз чечпейт. Бул тууралуу мамлекет башчысы жыл жыйынтыгы боюнча уюштурулган пресс-конференцияда айтты:

«Мен азыр Садыр Жапаров боюнча популисттик кылып сотко «Сен мындай кыл» деп айтсам туура эмес болот. Сот системасы мамлекеттин өзөгү. Системаны реформа кылып, талап кылышыбыз керек. Бирок мыйзам чегинде чечкенди үйрөтүшүбүз зарыл. Мына, биз жаңыдан келгенде, жашырганда эмне, президенттик аппарат карап, “Муну эмне кылабыз?” деп айтып жатышты. Мен “Мыйзам чегинде чечкиле, мыйзамдан чыкпагыла. Мыйзамды бузсаң жооп бересиң, сотсуңбу, ким болсоң да” деп дагы эле айтып жатам. Азыр эми бул нерсе каралып жатат. Арыз бериптир. Кандай чечилет, бир мени менен чечилбейт, аны кийин угасыңар».

Эске салсак, абакта жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаров президентке октябрь айында ырайым сурап кайрылган. Бул тууралуу коомчулукка анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов ноябрда айтып чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.