СССРдин акыркы маршалы көз жумду

Окуялар тизмеги 25 Фев 2020 18:11
0 ой-пикир

СССРдин коргоо министри, советтик мамлекеттик ишмер, маршал Дмитрий Язов 96 жашында Москвада көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.

Язов 1924-жылы жылы туулган. Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, эки жолу жарадар болгон. Согуштан кийин аскердик академияны бүтүргөн. Кариб кризисине катышкан. Ал башкарган полк АКШ менен СССРдин тирешинде Кубада жайгашып турган. Советтик аскерлерди Чехословакияга алып кирген. Борбор Азия жана Ыраакы Чыгыш аскердик округдарын башкарган.

1987-жылы СССРдин коргоо министри болуп дайындалган. Ошентип, Язов СССРдин акыркы коргоо министри, акыркы маршалы, Экинчи дүйнөлүк согушка катышкандардын арасында СССРдин акыркы министри болуп калган. 1980-жылы союздук өлкөлөргө жана эгемендигин жарыялап жиберген Литвага көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу болгон. Кийинчерээк Литва соту аны аскердик кылмыштары үчүн 10 жылга сыртынан соттогон.

1991-жылы августта Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет деп атыккан түзүмдүн (ГКЧП) мүчөсү болгон. Дал ушул Язовдун буйругу менен Москвага аскердик техника киргизилген. Михаил Горбачёв менен сүйлөшүү үчүн барып, Крымдын Форостогу дачасында кармалган. Андан соң ГКЧПга катышканы үчүн Язов өзүн «карыган келесоо» деп атап, Горбачёвдон кечирим сураганы түз эфирде көрсөтүлгөн. Кийинчерээк Москвага аскердик техника киргизгенин төңкөрүш деп эсептебегенин, кайрылууну басым алдында кылганын өз эскерүүсүндө жазган.

1994-жылы ага ырайым берилип, түрмөдөн бошотулган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Орусиянын Коргоо министрлигинде кеңешчи катары иштеп жүргөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.