Прокуратура органдарынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кызматындагы кемчиликтери үчүн отуздан ашуун прокурор жазага тартылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан республика боюнча 24 прокурорго сөгүш берилди. 11 кызматкер эскертүү алды.
Ал эми Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору кызматынан төмөндөтүлдү.