Социалдык тармактарда «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» аттуу президентке видеокайрылуу таркады. Тасманы Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов «Фейсбуктагы» баракчасына жүктөгөн.
Видеодо ок жеген спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» дегени айтылат.
Анда Рахманберди уулу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси Нурбек Раимбековдун балдары жана Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев тапанча менен ок атып, аны коркутушканын билдирген. Ал “Бул тууралуу ооз ачсаң, сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп опузалаганын айтууда.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Рахманберди уулунун президентке кайрылуусу негизсиз» деп маалымат таратты. Милиция Төлөгөн Рахманберди уулу тергөөдө жалган көрсөтмө берип, арыз жазуудан баш тартып, ишти татаалдаштырып келген деген жүйөнү айтууда.
Сыдыков акыркы жолу Рахманберди уулуна карата 29-январда бир нече адамдардын кол салуусу боюнча иш козголуп, териштирүү башталганын, бирок Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартканын билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүүнүн жыйынтыгы айтыла элек.
Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун EREM спорт клубунда машыгып келген.