Мунуңуз деле мал доктур экен, аксап калып, дагы уят болуп калбайсызбы?- депутат өкмөт башчыга

Окуялар тизмеги 12 Фев 2020 17:19
1 ой-пикир

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьер-министрлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралып жатат.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков Мадумаровдун кесиби мал доктур экенин айтып, өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевден вице-премьерликке башка талапкер жок беле деген суроо салды.

«Мунуңуз Кызыл-Кыянын мугалимдерине кандай кыйкырса, мага да ошондой кыйкырсын деп атайын галстугумду тагынбай келдим. Ушул жигиттин «духун» байкайын деп… Эми мага анча кыйкыра албайт чыгар. Сиз апендинин кызындай мактаган Жеңиш Разаков 4 жыл губернатор болду, 4 жыл вице-премьер-министр болду. Бирок 4 метр жерди чечпей кетти. Кетип жатканда дагы жөн кетпей минтип айтып кетти: “Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек, ошондуктан арыз жаздым. Чек ара меселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жогорку Кеңештин палатасынан да, жалпы жыйынынан да өтүп, түшүндүрүп чыктык. Бул кыйын маселе болгондуктан, жеринде эл менен да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Менимче, чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат. Мен баштаган ишти аягына чыгарыш керек беле же жокпу аны кудай билет. Бирок шартка жараша арыз жазып, иштен кеттим”, – деди Разаков.

Бирок бизде кыргыз-өзбек чек арасында маселе жок, казак, кытай менен жок. Болгону кыргыз-тажик чек арасында эле бар. Анда Баткендин губернаторуна эле макам берели. Сиз кандай көз караштасыз? Анан мунуңуздан башка талапкер жок беле? Улукбек Кочкоровго окшогон мыкты жигиттер бар. Министр, чекист десең чекист, чечен десең чечен. Мунуңуз деле мал доктур экен го. Ара-чолодо мунуңуз аксап калып, дагы уят болуп калбайсызбы деген өтүнүч эмес, өкүнүчтү айтып жатам», — деп кайрылды депутат өкмөт башчыга.

Абылгазиев кыргыз-өзбек чек арасында да айрым маселелер бар экендигин айтып, анда бул макамды (вице-премьер-министр) башка аймактарга берүүгө туура келерин белгиледи. Акрам Мадумаров жаңы кызматта жумушту алып кетет деген ишенимде экенин кошумчалады.

Учурда Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Ал Кызыл-Кыя педагогикалык институтуна барып, окуу жайдын мугалимдерин галстугу жок жүросүнөр деп зекигени менен коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Мунуңуз деле мал доктур экен, аксап калып, дагы уят болуп калбайсызбы?- депутат өкмөт башчыга” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.