Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын отуруму өтөт

Окуялар тизмеги 11 Фев 2020 09:45
0 ой-пикир

Бүгүн, 11-февралда саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү чакырылган.

2019-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеӊештин жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

«Азаттык» радиосу журналистик иликтөө жүргүзүп, 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айеркен Саимаити аттуу жаран «Абдыраз» ЖЧКсы аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кеткендигин айткан.

Буга чейин депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү отурумга Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Раим Матраимовду, журналисттик иликтөөдө аттары аталган депутаттарды жана башка аткаминерлерди чакырууну талап кылышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.