Эл каттоо мамлекетке эмне алып келет? ВИДЕО

Окуялар тизмеги 11 Фев 2020 18:22
0 ой-пикир

Быйыл Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Ал ушул жылдын 23-мартында башталып 1-апрелге чейин созулат.

Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоо эмнеге жүргүзүлөрүн айтып берген чакан тасма даярдаган.

«Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатты, ошондой эле өлкөнүн жана анын аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн кеңири колдонулат. Эл каттоо коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берген жана ар кандай көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бере турган ыкчам портрет болуп саналат», — деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Эл жана турак жай фондун каттоого байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн Улуттук статистика комитетинин адистерине кайрылсаңыздар болот: +996 (312) 325336

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.