Социалдык тармактарда Бишкектеги Республиканская 127 үйүнө жакын жерден колго түшүрүлгөн карышкырдын видеосу таркады. Автордун айтымында карышкыр шаар аралап жүргөн жана аны мектептин жанынан кармашкан.
Видеодо байкалгандай, карышкыр тирүү бойдон жана буттары, оозу чырмалып байланган.
Автордун айтымында, патрулдук милиция экологдорду күтүп жатат.
Эске сала кетсек, карышкырларды негизинен атыш кыйын, булардын жыт сезүүсү аябай эле күчтүү, көрүү, угуусу да. Ар бир өлтүрүлгөн карышкырга үч миң сомго чейин сыйлык каралган. Бирок ушул сыйлыктан дагы салыктар кармалып, мергендер нааразы болуп келишет.