Жогорку сот Мелис Мырзакматовдун ишин кароону жылдырды

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 17:13
0 ой-пикир

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 10-февралга белгиленген соту 25-мартка жылдырылды. Бул маалыматты Жогорку соттон тастыктады.

Маалыматка караганда, сотту жылдырууну экс-мэрдин жактоочулары өтүнүшкөн. Жакупбекова менен Адигенеев ден-соолугуна байланыштуу угууларды жылдыруу боюнча өтүнүч кат киргизишкен.

Мелис Мырзакматовго 2014-жылы ноябрда кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ага «Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген» деген айып коюлган. 2015-жылы жайында Ош шаардык соту Мырзакматовду сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.