Тышкы саясаттын 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттары талкууланды

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 16:47
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-февралда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Жолугушууда өлкөнүн 2019-жылдагы тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн ата мекендик дипломатия тармагын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өлкөнүн өткөн жылдагы эл аралык күн тартибин толук талдап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттар катары катары өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги багыттарды ишке ашырууну, жакынкы өнөктөш өлкөлөр жана алыскы чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди түзүүнү жана бекемдөөнү атады.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өткөн жыл тышкы саясаттын күн тартиби абдан тыгыз болгондугун белгиледи — бир катар ири эл аралык иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү, өлкөгө чет мамлекеттердин башчыларынын визиттери болду.

Министр аталган иш-чараларда жетишилген макулдашууларды жана келишимдерди ишке ашыруу боюнча бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар тарабынан иштер улантылып жатканын белгиледи.

2020-жылдын эл аралык күн тартибиндеги эң негизги окуялардын бири — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы жылы болуп саналары айтылды.

Ошондой эле, ал Мамлекет башчысынын үстүбүздөгү жылдагы чет өлкөгө сапарларына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул ишке тартылган түзүмдөрдүн өз ара тыгыз аракеттенүүсүн жана 2020-жылга карата тышкы саясат боюнча пландаштырылган бардык иш-чараларды сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.