Чек ара кызматы: Өзбек жараны медициналык бет каптарды мыйзамсыз алып бара жаткан жеринен кармалды

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 17:53
0 ой-пикир

«Маданият-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында өзбек жараны медициналык бет каптарды мыйзамсыз алып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

«Маданият-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 2000-жылы туулган О.А. аттуу өзбек жаранын текшерүү учурунда чек арачылар тиешелүү документи жок 300 медициналык бет капты табышкан. Кыргыз өкмөтүнүн чыгарылган токтомуна ылайык, 3-февралдан тартып жарым жыл ичинде медициналык каражат жана дары-дармекти чет жакка алып чыгууга тыюу салынган. Тиешелүү документтер түзүлгөн соң, кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп жазылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.