Белгилүү жана белгисиз Айдар Акаев

Статьялар 10 Фев 2020 23:28
0 ой-пикир

5-февралда, 44 жашында өлкөнүн тунгуч президентинин уулу Айдар Акаев дүйнө салды. Elgezit.kg редакциясы анын жашоосу тууралуу кызыктуу 10 факт чогултту.


1.Ленинградда туулган

Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда Ленинградда туулган. Аскар Акаев ал маалда Ленинграддагы Так механика жана оптика институтуна доктордук диссертациясын жазып жаткан. Айдар үйүндөгү экинчи бала болгон. Акаведердин тун кызы Бермет 1972-жылы ошол эле Ленинградда төрөлгөн.


2.Математикалык класстын окуучусу, МГИМОнун жана Мэриленд университетинин студенти

Ленинградда докторлугун жактагандан кийин Аскар Акаев Фрунзеге, мурда иштеген Политехникалык институтуна кайтып келген. Айдар Акаев Фрунзедеги мектептердин биринде, математикалык класста билим алган. Мектепти бүткөндөн кийин МГИМОго тапшырган. Андан соң окуусун улантуу үчүн бир нече университеттерге экзамен тапшырып, АКШдагы Мэриленд университетин тандап алып, аны 1999-жылы бүтүргөн. “Эл аралык финансы жана менеджмент” факультетинин “өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасы жана бул өлкөлөрдүн эл аралык финансылык институттар менен мамилеси” адистиги боюнча диплом алган. Мэрилендде аны Аскар Акаевдин досу, академик Роальд Сагдеев колдоп турган.

Банкир болбой калган

Алия Назарбаевага (Нурсултан Назарбаевдин кызы) үйлөнгөндөн кийин Айдар Акаев «Казкоммерцбанк» компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүн жетектеген. Казакстандын биринчи айымы Сара Назарбаеванын сунушу менен Айдар Акаевди «Казкоммерцбанктын» борбордук кеңсесине, абройлуу жумушка чакырышкан. Айдар макул болуп, жаш жубайлар Казакстанга аттанышкан, ал жакта Алия ЖОЖду аяктап жаткан болчу.

Көп өтпөй түгөйлөр эки ажырым жолго түшүшкөн. Айдар Акаев Алматыда жашагандан тажап: “Менин атам мени башка жакта жашасын деп Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган эмес” – деп Бишкекке кайтып клеген. Ошентип ал банкир боло алган жок. Баса, азыр «Казкомерцбанк» Елбасынын башка күйөө баласы Тимур Кулибаевге тиешелүү.

Министрдин кеңешчиси, Улуттук олимпиада комитетинин президенти, Жогорку Кеңештин депутаты

Алматыдан келгенден кийин Айдар Акаев КРнын Финансы министринин кенешчиси болуп узак убакыт иштеген. Аны менен катар эле коомдук иштер менен алек болуп, Улуттук олимпиада комитетинин жана КР Бокс федерациясынын президенти болгон.

2005-жылы январда эжеси Бермет менен бирге парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Атасынын туулган жери Кеминдеги №57 шайлоо округунан талапкер болуп, шайлоодо жеңил эле жеңишке жеткен. Бирок бир гана жолу, Жогорку Кеңештин депутаты деген күбөлүктү алган 20-мартта гана Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан. 2005-жылдагы төңкөрүш Акаевдердин үй-бүлөсүн Москвага качууга аргасыз кылган. Айдар жана Бермет Акаевдердин депутаттык мандаттары жокко чыгарылган.

Кийинчерээк “Московский Комсомолецке” берген маегинде  Айдар Акаев саясатка аралашкысы келбегенин, бул тармак анын эжеси Берметтин иши экенин айткан.

5.Кыргыз жеринин ханзаадасы

Аскар Акаевдин бийлиги учурунда Айдарды “кыргыз элинин ханзаадасы” атап келишкен. Ал бизнес менен алек болуп, кеңири эс алганды жакшы көрчү. 

Ал тууралуу көп ушактар айтылчу: президенттин уулу ага жаккан көңүл ачуучу борборлорду (кафелер, ресторандар, түнкү клубдар)  тартып алууда, заводдорду, фабрикаларды, уюлдук компанияларды тартып алып, көөп кетти дешчү. Төңкөрүштөн кийин бул ушактардын бири дагы чындык болуп чыккан жок.

Акаевден кийинки президенттердин балдарынын, туугандарынын, айдоочуларынын, жан сакчыларынын жоруктарынан кийин Айдар Акаевдин кылгандары аша чапкандык деле эмес экенин убакыт көрсөттү.

6.Айдар Акаевдин сырдуу аялы

Казак ММКлары Айдар Акаевдин биринчи аялы Алматыдагы белгилүү модель Гаухар Беркалиева же көпчүлүккө Гога Ашкенази аты менен белгилүү болгон айым болгонун жазып чыгышкан. Басылмалар “жаштарды” Айдардын туугандары эч кимге билгизбей, тынч ажыраштырып коюшканын жазышкан. Баса, Ашкенази кийин британиялык контр-адмирал, ханзаада Эндрюнун, «Формула-1дин» президенти Флавио Бриаторенин, белгилүү америкалык репер Puff Daddyнин башын айлантууга жетишкен.

7.Казакстандын ханбийкесине үйлөнүү

1998 -жылы Айдар Акаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 18 жаштагы кичүү кызы Алияга баш кошкон.

Бул тууралуу Казакстандагы саясий серепчи Евгения Доцук мындай деп эскерген:

«Нурсултан Назарбаев кызынын тандоосуна кубанганбы? Албетте күйөө бала жаман эмес болчу, бирок Алия 18 гана жашта эле! Сара Алпысовна дагы ичинен сызса керек: анын сүйүктүү гүлү эми Алатау тоосунун арасында эмес, Ала-Тоонун этегинде өсөт. Бирок кызынын тандоосун кабыл алышты. Бою узун, кең далылуу, дайыма жылмайып жүргөн Айдар Акаевди жактырышкан. Ошентип казак президентинин кичүү кызына куда түшүп келген Аскар Акаевге Нурсултан Назарбаев “ооба” деген жооп айтты.

Ысык-Көлдүн жээгинде чоң той өттү, ага конок катары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн президенттери келишти. Тойдун көркүн Россиянын белгилүү ырчылары Филипп Киркоров, Дмитрий Маликов жана Эдита Пьеха ачышты. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов өкүл ата болду.

Бирок түгөйлөр көпкө жашашкан жок. 2001-жылы эки ажырым жолго түшүштү.

Азыр Алия Назарбаева чоң бизнесмен Димаш Досановго турмушка чыккан. Үч балалуу болушкан. Алия Алматыдагы «Элитстрой» курулуш компаниясынын директорлор кеңешин жетектейт, коомдук жана кайрымдуулук иштер менен алек. Казакстандын Forbes басылмасынын маалыматына ылайык,  2011-жылы Назарбаева  италиялык Damiani зергер үйү менен бирге Alsara деп аталган зер буюмдарын чыгара баштаган. Аталышы Алия жана анын апасы Саранын баш тамгаларынан турат деген кептер бар.

8.Тележылдызга баш кошуу

2003-жылы Айдар Акаев кайрадан үйлөнгөн. НБТ каналынын көңүл ачуучу программасынын алып баруучусу, 21 жаштагы Сайкал Чокубаевага баш кошкон. Алар Айдар кафеге кечки тамакка барганда таанышышкан. Ошол маалда Сайкал курбулары менен туулган күнүн белгилеп жаткан экен.

Кыргыз опера жана балет театрынын Малахит залында нике катоо салтанаты өткөн. Үйлөнүү үлпөтү өлкө президентинин шаар сыртындагы резиденциясында болгон. КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Акаевдин досу Мисир Ашыркулов тамада, Ташкул Керексизов өкүл ата болгон. Тойдо түгөйлөрдүн достору болгон эмес. Алар үчүн кийинки күнү элиталык ресторандардын биринде жабык кече өткөрүшкөн.

2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин Айдар менен Сайкал Москвага кетишкен. Рублевкада атасы менен чогу турушкан. Айдар жубайына чакан бизнес ачып берген.

Сайкал фортепьянодо ойноп, сүрөт тартканды, кийим тиккенди жана чоң теннис ойногонду жактырат. Англис жана француз тилдерин мыкты билет. Айдар экөөнүн ортосунда үч бала бар.

9.Бизнес: «Бителден» бөдөнөгө чейин

Өз убагында Айдар Акаев бизнес менен активдүү алек болуп келет. “Московский Комсомолецке” берген маегинде досу менен бирге «Бител» уюлдук компаниясын кантип ачканын айтып берген.

“1996-жылы досум менен бирге бул компанияны ачканбыз. Өлкөдо байланыш абалы өтө начар болчу. “Кыргызтелекомдогу” аткаминерлер уурдаганды гана билишчү. Уюлдук байланыш рыногу өнүгүп баштаганда бул тармакта эч кандай монополия болгон эмес”,-деп айткан Айдар Акаев.

Айдар Акаев жөнүндө түрдүү сөздөр жүрүп, Бишкектеги бир катар көңүл ачуучу жайлардын (“Сохо” түнку клубу, “Манчестер пабы ж.б.) кожоюну болгонду айтылган. «Манас» аэропортундагы АКШнын “Ганси” авиабазасына керосин да ташыган дешкен. Бирок бул өйдө-ылдый сөздөр расмий түрдө тастыкталган эмес.

2005-жылдагы төңкөруүштөн кийин Айдар Подмосковьеде бөдөнөлөрдү багып баштаган. Аскар Акаев анын улуу уулу Стратегиялык изилдөөлөр борборунда да иштерин билдирген.

10.Татаал тагдыр, оор өлүм

Жогоруда жазылгандай, Айдар Акаев тууралуу ушак кептер өтө көп айтылчу. Ата-энеси жогорку кызматтарда иштеген балдардын тагдыры ушундай окшобойбу.

Баарына салыштыруудан улам баа берилет эмеспи. Акаевдер кеткенден кийин өлкө президенттеринин балдары, жакындары кандай зыян алып келери түшүнүктүү болду.

Тарых бирөө гана. Кандай болгон күндө дагы Аскар Акаев көз карандысыздыкка жетишкен жана эркин дүйнөдө алгачкылардан болуп кадам жасаган өлкөнүн биринчи президенти катары тарыхта калат. Ал эми Айдар Акаев өлкөнүн алгачкы президентинин тагдыры татаал, оор өлүмгө дуушар болгон уулу катары.

 Elgezit.kg редакциясы Акаев Айдар Аскаровичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтат. Оор жоготууңарды жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Семетей АМАНБЕКОВ даярдады

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.