Равшан Жээнбеков: Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, үй камагына чыгарымды сунушташты

Окуялар тизмеги 09 Фев 2020 14:53
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков камалып турган Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө карата кысым жок экенин, буга чейинки камерадагы түнкү тинтүү системалык кемчилик деп эсептейт. Бул тууралуу саясатчы адвокатынын жардамы аркылуу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Равшан Жээнбеков тергөө жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү сунушу болгонун билдирген.

“Атамбаевге каршы көрсөтмө бериңиз, үй камагына чыгаралы деген сунуш болду. Мен, саясий компромиске бара аларымды, бирок жалган көрсөтмө берип, ар-намысымды сата албасымды айтып, баш тарттым”-деп билдирген ал.

Равшан Жээнбеков былтыр 12-декабрда кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган.

14-декабрда айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Таш айылында болгону үчүн экс-депутат камалганга чейин ИИМге бир канча жолу суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.