Айдар Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына кимдер барат?

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 12:15
0 ой-пикир

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу 5-февралда мезгилсиз дүйнө салды. 44 жаштагы Айдар Акаевдин капыстан жүрөгү токтоп калган.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн чечими менен маркумдун сөөгү Кыргызстанда эмес Москвада бүгүн 8-февралда жерге берилет.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кыргыз саясатчыларынан кимдер барарын тизмектеп көрдүк. Акаевдин убагында жогорку кызматтарды ээлеген аткаминерлер оор күн башына түшүп турганда Атунгуч президентти колдоону чечишти.

Экс- премьер-министр Апас Жумагулов, Жогорку соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев, мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, саясий ишмер Токтайым Үмөталиева, Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болгон Болот Жанузаков жана экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков топурак салуу үчүн Москвага барары белгилүү болду.

Айдар Акаевдин кайын атасы Эдильбек Чокубаев буга чейин Москвага учуп кеткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.