Жээнбеков: «Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот»

Окуялар тизмеги 06 Фев 2020 17:19
0 ой-пикир

«Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот» деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу Президенттик басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары 107 айыл таза суу менен камсыз болгонун белгиледи.

Эл-аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу 588 айылга тизме түзүлгөнүн кошумчалады.

«2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, инфраструктураны жаңылоо зарыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде өлкөнүн бардык аймактары таза суу менен камсыз болот», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Белгилүү болгондой, калкты таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жыл сайын финансылык каражаттар бөлүнүп, эл аралык өнөктөштөрдөн инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштер аткарылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.