Румынияда акысыз билим алууга 85 гранттык орунга сынак жарыяланды

Окуялар тизмеги 06 Фев 2020 17:07
0 ой-пикир

Кыргызстандыктар 2020-2021-окуу жылында Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынакка катышса болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 85 гранттык орун бөлүнгөн. Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышууну каалагандардын жашы – 35, ал эми докторантурага тапшыргандардын жашы 45тен жогору болбошу керек.

Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт.

Билдирмелер 16-мартка чейин тапшырылуусу керек.

Талаптар, шарттар жана билдирме формасы боюнча кеңири маалыматты программанын расмий сайтынан алса болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.