Коронавирус: Баткенде 2 адам илдетке шектелип, ооруканага жаткырылды

Окуялар тизмеги 06 Фев 2020 11:02
0 ой-пикир

5-февраль күнү Баткен районундагы «Кызыл-Бел» чек ара пунктунан коронавирус менен ооруп жатат деп шектелген 2 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аталган пункттан Ош облусунун Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган тургуну С.Э. менен 1992-жылы туулган тургуну К.уулу. Э. кармалды. Алар буга чейин 14-январда Кытай мамлекетинин Улуу-Чат айылына барып келишкендиги такталды. Ал жактан келгенден соң 21-январда Ош облусунан Баткенге келип, андан ары Тажикстанга кетишкен. 5-февралда Тажикстандан кайтып келе жатышканда «Кызыл-Бел» өткөрүү постунан тепловизор алардын дене табы көтөрүлүп тургандыгын аныктаган. Алар коронавирус менен ооруп калышы мүмкүн экендигин эске алуу менен Баткен облустук ооруканасына жөнөтүлгөн.

Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты төгүндөдү. Ооруканага жеткирилген 2 адам Кытайдан Тажикстан аркылуу келгендиктен аларды текшерүү үчүн ооруканага алып келишкендиги айтылды. Вирусологиялык изилдөө үчүн анализдер алынып, жыйынтыгы менен эсперттик комиссия өз чечимин чыгарарын белгилешти.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү «2019-nCoV» деп атаган.

Буга чейин илдетти 24,3 миң адам жуктурса, 490у каза болгону айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.