Аскар Акаевдин иниси каза болду

Окуялар тизмеги 06 Фев 2020 09:56
0 ой-пикир

Бүгүн айрым жергиликтүү маалымат агенттиктери мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин каза болгондугун жазып чыгышты.

Бирок Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясы бул кабарды төгүндөдү. Маалыматка ылайык, Кемин районундагы Чоӊ-Кемин айылында кечээ, 5-февраль күнү Чилтен Акаевдин уулу Кубан Акаевди акыркы сапарга узатышкан.

Эскерте кетсек, Чилтен Акаев — Аскар Акаевдин бир тууган агасы.

Аскар Акаев 1990-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. Март окуяларынан кийин бийликтен кеткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.