Депутат: Разаковду Баткенге байлап койсоңор да маселени чече албайт. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 05 Фев 2020 13:38
0 ой-пикир

Депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, орун басарларын катуу сынга алды. Өзгөчө вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун дарегине ачуу сөздөр айтылды.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Аскаров Замирбек Марипбаевичтин, ал эми вице-премьер-министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин талапкерлиги каралып жатат.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министри болуп иштеген, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

Ошондой эле, премьер-министр Жеңиш Разаковго вице-премьер катары чек ара маселесине гана куратор боло турган милдетти калтыруу маселесин сунуштаганын кабарлаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.