Кундуз Жолдубаева: Шектүүлөрдү 10 саат суусуз, тамак-ашсыз, дааратканага чыгарбай кармоо — кыйноо эмес эмне?!!

Окуялар тизмеги 04 Фев 2020 11:33
0 ой-пикир

3-февралдан 4-февралга караган түнү президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жана Атамбаевди колдогон Фархат Баабиев менен Рыспек Карыпбек уулунун бөгөт чарасы каралды. Алар 9-апрелге чейин камакта калтырылды.

Соттун чечиминен кийин УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев адвокаты аркылуу коомчулукка өзүнүн билдирүүсүн таркатты. Билдирүүнүн текстин КСДПНын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбуктага баракчасына жарыялады.

«Мен Ак үй жактагылар бизден коркушарына дагы бир жолу ынандым. Бүгүн, 3-февралда саат 15:00дө биздин Биринчи май райондук сотуна камактагы мөөнөтүбүздү 2020-жылдын 9-апрелине чейин узартуу боюнча алып келишкен.
ИИМнин кызматкерлери чогулган журналисттер менен элди көрүп, суукта унаанын ичинде 3 саат кармап отурушту. Алар соттук жараянды атайын кечиктирип жатышты, анткени, журналисттер менен келген элдин тарап кетишин күтүштү.
Ал тургай, дааратканага барып келүүнү суранганыбызда, бизди коштоп жүргөн милициянын подполковниги ИИМдеги өзүнүн жетекчилигине чалып, уруксат сурады. Жооп жарым сааттан кийин араң келгенине караганда, бул маселени жок эле дегенде ИИМнин министри менен макулдашышты окшойт.
Бизди кайтарган спецназдарга көмөктөшүп ЖАМКдан дагы кошумча күчтөрдү алып келишти.
Журналисттер менен досторго чоң рахмат!!!», — деп жазган Сагымбаев.
 

Заявление Каната Сагымбаева: "Я еще раз убедился в том, что в Белом Доме сильно боятся нас. Сегодня, 3 февраля, в…

Опубликовано Kunduz Zholdubaeva Понедельник, 3 февраля 2020 г.

Кундуз Жолдубаева ошондой эле мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары бөгөт чарасын түнкү саат бирде караганын социалдык тармактарда жазган.

«Саат 01:20 болуп кетти, 4-февраль. Кой-Таш окуялары боюнча шектүүлөрдүн бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот 3-февралдын 15:00нө коюлган болчу. Шектүүлөрдү ушунча убакыт суусуз жана тамак-ашсыз алгач унаада, андан кийин конвойдук бөлмөдө кармоо — кыйноо эмес эмне?!!
Фарид Ниязов, Равшан Жеенбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Рыспек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев — силерге күч- кайрат!
Бийлик мындай аракеттери менен бизге тескерисинче дем берип, биздин мыйзамсыздык менен системалык реформалар үчүн күрөшүп жатабыз деген ишенимибизди дагы бекемдеп жатканын түшүнүшү керек!» — деп белгилеген Жолдубаева.

На часах 01:20, уже 4 февраля. А суд по мере пресечения в отношении подозреваемых по кой-ташским событиям был назначен…

Опубликовано Kunduz Zholdubaeva Понедельник, 3 февраля 2020 г.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.