Атамбаевдин тарапташтарынын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Окуялар тизмеги 04 Фев 2020 10:35
0 ой-пикир

3-февраль күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы тарапташтарынын бөгөт чарасы каралды. Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын 4-февраль, түнү саат 1де карап, аны 9-апрелге чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев «Азаттыкка» кабарлаган.

Ушул эле күнү президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жана Атамбаевди колдогон Фархат Баабиев менен Рыспек Карыпбек уулунун бөгөт чарасы каралып, алар да 9-апрелге чейин камакта калтырылды.

Атамбаевдин тарапташтары алардын бөгөт чарасы түнгө чейин каралып жатканына нааразылыгын билдиришти.

Ошондой эле мурдагы президенттин тарапташтары Кундуз Жолдубаева менен Ирин Карамушкинанын бөгөт чара бүгүн каралат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.