Жанар Акаев: 2023-жылы арабыздан президенттик шайлоого талапкер алып чыгабыз

Окуялар тизмеги 02 Фев 2020 17:33
0 ой-пикир

Бүгүн, 2-февралда Бишкекте Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) бет ачары болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттарынан Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Жунус уулу жана бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жаңыдан түзүлгөн партиянын курамында депутат Жанарбек Акаев, талдоочу Сейтек Качкынбай жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров баштаган жаш саясатчылар бар.

КЛДПнын теңтөрагасы Жанар Акаев жаңы түзүлгөн партиянын жакынкы пландары менен бөлүштү.

«Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышабыз. Андан кийин парламенттик шайлоого чыгабыз. 2023-жылы арабыздан президенттик шайлоого да талапкер алып чыгабыз», — деди Акаев.

Мындан сырткары, ал КЛДП партиясын колдоочулар үчүн атайын банктык эсеп ачылганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2020-жылы апрель айында Ош, Токмок шаарларында жана бир канча айылдык кеңештерге шайлоо өтөт. Ал эми 2023-жылы президенттик шайлоо болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.