Кытай менен чектешкен чек ара жабылды. Аба каттамы токтотулду

Окуялар тизмеги 02 Фев 2020 09:52
0 ой-пикир

Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту. Мындай чечимди өлкөгө коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алды. Бул туургалуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок. Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык- көзөмөл пунуттары иштеп жатат.

Чек арадан өткөн жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын белгилери жана симптомдору болсо атайын палаталарга (изолятор) жайгаштырылууда, ал жактан медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары эгерде өлкө аймагында вирус чыккан учур катталса саламаттык сактоо уюмдарында атайын палаталар даярдалды.

Буга чейин Өкмөт коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча санитардык жана эпизоотияга каршы чараларды уюштуруу тууралуу биринчи кезектеги иш-аракеттердин планын иштеп чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.