Коррупцияны ашкерлеген офицердин үнү Коопсуздук кеңешине жетти

Окуялар тизмеги 01 Фев 2020 11:45
0 ой-пикир

Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Алановдун арызын иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кошулган тергөө тобу түзүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Алановдун арызын кароо создуктурулуп жаткандыктан Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы сотко чейинки өндүрүштү көзөмөлгө алып, ал берген материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, 30-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Талгат Алановду кабыл алды.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөргөн. Офицер өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу ачык айтып берген.

Басма сөз жыйынында Аланов «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын белгилеген.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Алановдун дооматтарын төгүндөшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.