ТИМ: Ухань шаарындагы мекендештерди алып келүү каралууда

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 10:01
0 ой-пикир

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен КРдин Кытайдагы элчилиги Ухань шаарындагы мекендештерди алып келүү маселесин карап жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

«Ошол эле учурда министрлик Кытайда коронавирус коркунучу жөнгө салынмайынча ал жакка барбай турууну сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

ТИМ Кытайда жүргөн кыргызстандыктардан дайын-дарегин жана телефон номерлерин билдирип коюуну өтүнөт.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 30-январына карата Кыргызстанда конавирустун такстыкталган учуру катталган жок. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.